Эне-Сай конушунда кылмышкерлердин экинчисин да атышты дешүүдө. Бул тууралуу окуяга күбө болгондор билдиришти. Түрмөдөн качкан 4 кылмышкердин бири Данияр Кадыралиев бүгүн, 16-октябрда түшкө маал Дордой конушунда өлтүрүлгөн эле. Экинчиси Азамат Мусуралиев бир нече сааттан бери качып, жашырынып жүргөн.
Түрмөдөн качкандардын калгандары жашырынып жүрөт. Айрым маалыматтарда алардын бири Чоң Чүй каналы тарапта деп божомолдонууда.