Бишкектин түндүк жагында кылмышкерди кармоо операциясы уланууда. Эне-Сай конушунун бир тарабы курчоого алынган бойдон турат. Көчөдө дээрлик ээн-эркин баскан киши жок, көбү милициянын аракетинин жыйынтыгын күтүп турушат. Атайын багыттагы жоокерлерге көзөмөлдүк кылган топ башчылары өз кызматкерлерин чогултуп, картага ылайык ким кандай аракет кыларын көрсөтүп жатышат.