Базар-Коргондо өз аялын сабап өлтүргөн 61 жаштагы жаран кармалды

Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунда өз аялын сабап өлтүргөн 61 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен 17-октябрда билдирди. 
Маалым болгондой, 13-октябрь күнү Базар-Коргон РИИБине райондун Кеңеш айыл аймагынан адам өлүмү боюнча маалымат түшкөн. Милиция кызматкерлери окуя болгон жайга барышып, үйдүн ичинде 1962-жылы туулган Ж.Ж. аттуу аялдын жансыз жаткан денесин көрүшкөн. Соттук-медициналык экспертизадан ал аял токмоктон улам каза болгону аныкталган.

Бул иш боюнча кылмыш иши ачылып, издөө иштеринин натыйжасында 1954-жылы туулган М.К. аттуу жолдошу кармалды. Ал алгач кылмышты моюнуна алуудан баш тартып жатып, аягында далилдердин негизинде өзү токмоктоп өлтүргөнүн айткан. Сурак учурунда ал аялын катуу сабап салгандан кийин аялы алган жаракатынан улам бир канча убакыттан кийин каза болуп калганын айткан.
Учурда ал камакка алынып, тергөө иштери жүрүп жатат. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
EdikoKG
2015-10-17 11:10:54
Пайгамбар жашына жетейин деп калган адам экен. Бактылуу каарылыкты суруунун оордуна мынтип...
+8
Medina87
2015-10-17 11:26:39
Эженин жаткан жери жайлуу болсун. Карыган кезде байбичесинин колунан чай ичуу эмес турмонун тамагы буюрганы окунучтуу кылмышкер атага.
+2
aytkulova
2015-10-17 11:35:41
Сонку кабарларда олтургон, сабаган, зордуктаган, турмодон качкан деген маалыматтар го. Адамдар эмне болуп баратабыз...
+4
Meruet84
2015-10-17 11:43:17
Акыркы убакта сонку кабарды окуштан , заарканып калдым.Адамдарда диндин жетишпестиги бул да болсо.
+4
zhykyo
2015-10-17 11:49:51
Карганда калжандаган десе балдарына насмай алыпкелагал деп жата берсе болмок экен эми турмого барып чифир ташы
+3
Nurzada_0111
2015-10-17 13:44:41
Paigambar jawka baryp kalganda neberelerin erkeleitip akyl nasaatyn aityp uiundo oturaar ubakta bul emne kylgany. Karygan atalarybyz ushunu kylyp jatsa bulardan tarbiya algan jawtar emne bolot.
+1
omka100514
2015-10-17 14:08:24
АстагфирАлла, балдарындын энеси, суйуктуу жарын олгучо кантип сабады экен. Адам олтуруп зордуктаганга олум жазасын киргизиш керек, а то мындай коопту кылмышкерлердди турмодо багып- багып кайра чыгарып жибербей
+1
guju9389
2015-10-18 08:01:39
эмне себеб болду экен карыганда урганына караганда
0
Elime
2015-10-18 11:30:20
Пайгамбар жашына келип, уул кыздын урматын коруп, неберет жыттап, байбичесинин ысык чайын ичээрде мынантип турмого кеткени окундурот да.Бул да болсо бир кырсык.Кудайым жашыбызга да карыбызга да ыйман берсин.Элибиз тынчылыкты омур сурсун.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан