ИИМ: Бишкекте абактан качкан кылмышкерлерди издөө маалында милиция кызматкери этиятсыздыктан улам тапанча огунан жаракат алды

Чүйдөгү №50-түзөтүү колониясынан качкан кылмышкерлерди издөө маалында милиция кызматкери өз бутуна атып алды. Ички иштер министрлигинин маалыматына таянсак, 16-октябрь күнү саат 16:00 чамасында 1992-жылы туулган милиция кызматкери Бишкек шаарындагы Керамическая көчөсүндө кылмышкерлерди издөө учурунда этиятсыздыктан улам өз тапанчасы менен бутуна атып алган. Алган жаракатынан улам "Тез жардам" кызмат унаасы менен Бишкек шаарындагы аймактык ооруканага жеткирилген. Жаракат алган кызматкердин учурда абалы туруктуу экени айтылды. 
Айта кетсек, кечээ "Тез жардам" кызматы SUPER.KG'ге аталган көчөдөн бир жаран тапанча огунан жаракат алып, ооруканага жеткирилгенин билдирген. 
Ал эми кечээ эртең менен Дордой конушундагы үйлөрдүн биринде түрмөдөн качкан 4 кылмышкердин бири 1976-жылы туулган Данияр Кадыралиев өлтүрүлгөн
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (29)
bolotbek91
2015-10-17 14:32:45
Кантип атып алды деймда издегенден тажап кетти окшойт азыр газета окуп жаткандыр больницада
+5
briliant87
2015-10-17 14:45:41
Уха ха ха ха.
0
briliant87
2015-10-17 14:46:52
Болушу мумкун,Курал тамашаны жактырбайт,каталыкты кечирбейт.
+3
kilim
2015-10-17 15:01:04
дагы бир чондун тууганыдыр да акча мн ишке кирген тапанча емес тапанчанын тусунда коро елек тормуз ал кылмышкерди коргондо озуну атып алат беле байкуш
+4
MAKALAK
2015-10-17 15:04:41
озунун бутуна атып журсо кантип кылмышкерди кармайт армияга барган эмес го
+4
Truelensk
2015-10-17 17:56:33
Уйдо жатып алып ойго келгенди жаза бербесинерби,ошол сакалчан бироо эле алдынан чыгып карап койгондо эле болгон кийиминер булганмак.
+4
Raymer88
2015-10-17 18:21:49
Иийй алдынан чыгып калса мне болотле бироону атып алса мне болотле дей бересинерби атайын атты дейсинерби бул да болсо кокустук да бешенесине ошону жазган аллах талаа жакшылык ва жамандык иштин баары аллаадан дейтгоо
0
Alixan-Nookat.2015
2015-10-17 18:34:29
Бул деген өзүн атып алуусу бат баттан ок атуу машыгуулары болбогондугу коопсуздук эрежесин жетекчилери жеткирген эмес.
0
Sagidko88
2015-10-17 18:34:48
Мынча сындайсынар идеалдуулар!кокустук!айыгып кетсин!
+1
NARYNGRAD
2015-10-17 19:47:50
Жүдөгөн байкуш, андан көрө кой кайтарчы! Тааныш-билиш аркылуу жумушка алгандын бирден-бир жаман кесепети.
+2
Abdyrashit.Satylganov
2015-10-17 21:40:16
Олдо Кокуй аа.. Жаман болгон турбайбы? Эмнеси болсо да сакайып кет.. Бирок чын эле кызык болуп жатат кантип өз бутуна атып алат? Менимче тапанча менен ойногон го.. Себеби тапанча ар дайым сумкасында жүрүшү керек эле..эмнеге ал сумкасынан алып чыкты? Башта бирөө айткандай "курал тамашаны жактырбайт, каталыкты кечирбейт" Урматтуу милиционер
0
nurchik05
2015-10-17 22:22:07
олдунорго кокустук болуп кетсе керек да шылдындатып эле койсо кыйын экенсинер мекенди коргоп милиция болгула анда
0
mira28
2015-10-18 13:18:12
nurchik05 эч ким шылдындаган жок тушунсонор жалпы кыргыз эли дуйнонун торт бурчунан эч кимге зыяны тийбей кармалсакен кылмышкерлер деп кабатыр алып олтурушат.Ар кандай кырдаалда элдин ишенгени 1-орунда милиция кызматкерлери.10 кундон бери табылбай жатса кылмышкердин анык жайын таппай жатып озунун бутун атып алса элдин жаны кашаят да.
0
lizka.14
2015-10-17 22:44:45
Боорду эзесинерда,мен жанылык окувай эле комментарий окуй турган адат таап алдым супер инфодон.
+1
aziko1414
2015-10-18 07:59:18
Өлдүңго дадың хаха
0
nabievich
2015-10-18 12:36:08
Оо шерменде тапанча кармай албаган баланы жумушка алган иим кантип жооп бересинер мунусуна
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан