Баткен облусунда акыркы 9 айдын ичинде 78 мал уурулук фактысы катталып, анын ичинен 49 кылмыштын бети ачылды. Мал уурулук фактылары көпчүлүк учурда чек аралаш аймактарда катталып жаткандыктан, кылмыштын бетин ачууга бир топ кыйынчылыктар жаралып жатканы Баткен ОИИБинин 9 айды жыйынтыктаган кеңешмесинде айтылды. Бул тууралуу 17-октябрда аталган мекемеден билдиришти.
Баткен ОИИБинин башчысы Ашим Тагаев ички иштер органдарында кызмат өтөп жаткан ар бир кызматкер болгон кылмыштын бетин ачууга милдеттүү экенин айтты. Ошондой эле 9 айдын ичинде облус боюнча кылмыштарды каттоо китебине 4247 арыз-даттануу катталган.