Кара-Буурада мас абалындагы эне эки наристесин өлтүрүүгө аракет жасады

Талас облусунун Кара-Буура районунун Аманбаев айылында адам өлтүрүү аракети катталды. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, окуя 15-октябрдан 16-октябрга караган түнү саат 01:00 чамасында орун алган. "Ал күйөөсү менен тойдон келип, кызгануудан улам чырдаша кетишкен. Күйөөсү уктап калганда, аял бычак менен өзүнүн моюнун кескен, андан соң 3 жана 2 жашар наристелерин өлтүрүүгө аракет жасаган. Муну көрүп калган туугандары күйөөсүн ойготушуп, ал аялын токтоткон. 
Балдар ооруканага жеткирилген. Алардын абалы туруктуу. Эң негизгиси, наристелердин кан тамырларына бычак мизи тийген эмес. Ал эми 26 жаштагы эне жеңил жаракат алган.
Бул факт боюнча "адам өлтүрүүгө аракет жасоо" беренесинин негизинде кылмыш иши козголду. Соттун чечими менен айым 2 айга камакка отургузулду",- деп маалымдашты мекемеден.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (21)
Abdurahman
2015-10-19 09:44:45
"Күйөөсү уктап калганда, аял бычак менен моюнун кескен" ушул жерди тушунуктуу кылып ондоп коюш керек экен. Кимдин моюнун кести куйоосунун же озунукун деп
+2
mega.argen
2015-10-19 10:10:46
Abdurahman, туура эле жазылып турат өзүнүкүн деп
+1
EdikoKG
2015-10-19 09:53:42
Оорукчан го. Болбосо кандай кырдаал болбосун,озун колго алат эле да. Дагы жакшы ,уктап жаткан куйоосуно бычак шилтебептир. А наристелерде эмне куноо? Ичкилик,кызгануунун аягы жакшы эмес.
+3
briliant87
2015-10-19 09:54:54
Тооба кылдым.
+1
bolotbai3
2015-10-19 10:20:58
Тооба кылдым,ушундай нерсенин баары атан очкур арактын айынан болуп жатат да.Аракты которо алса ичбейби десен.Куйоосу да тойдо жон журбой бироо жарым менен озунон кетип бийлеп койсо керек да,Аялы ошого кызганды очошуп.Негизи тойлордо арак койбой,арактын ордуна туздуу суу коюп койсо,ошондо каалагандар иче беришсин ачуу туздуу сууну которуп тост айтыщып.
+5
bazarkyl
2015-10-19 11:39:58
жаман болуп калды... оз аялык балдарына кол салып жатса, не деген шумдук
+1
elika86
2015-10-19 11:46:44
Аманбаевда ким болду екен
0
tynara81
2015-10-19 12:03:19
Тобо дей турган эле заман болду го. Түшкө кирбес окуялар көнүмүш нерсеге айланып бараткандай. Эркегине эс кирбесе, аялдар ичпей эле койгулачы, ушул атың өчкүр аракты...
+1
Medina87
2015-10-19 12:04:21
Кудай баарыбызга ыйман-ынсап берсин!
0
Take_men
2015-10-19 13:03:08
Балдарга кыянаттык кылгандарды жана педофилдерди таш баранга алыш керек
+2
jaguar11
2015-10-19 13:26:12
Ушундай кантип болсун оз каныдан жаралган балдарына кол салган,балан грипп болсо канча кыйналасын
+1
masha89
2015-10-19 15:19:39
элди туурап арак ичкенди эмне кылабыз, балдарды багып жакшынакай тарбия берип уйдо отуруш керек да. Ажалынан мурда арам олбой.
+1
lizka.14
2015-10-19 15:40:51
Айта берсен соз коп.26 жаштагы жап жаш келинге арак ичкенди ким койду экен эми.
+1
BRILIANTTKA
2015-10-19 15:44:30
Меесине доо кеткен немего. Соо адам өз баласын өлүмгө кыябы. Аман эле бололучу. Балдарын алып коюш керек мындай психичкадан,ким кепилдик берет эмикиде кол салбайт деп...
+1
Nasi1981
2015-10-19 16:56:13
Аял уйдун куту, эненин баскан жеринде бейиш бар дейт элек. Эмичи, аял канкор куйоосун жиликтеп салат, аял аракка тоюп, балдарына бычак саят деп, тарыхта калчу болдукко. Шумдук эле болуп баратабыз, Эне деген атка татыксыз, акмак келинго. Эркекке очошуп, мотурайган балдарын жайлап коеюн дептирго.
+1
omka100514
2015-10-19 20:53:54
куйоосу менен урушса балдарында эмне куноо, башы иштебеген акмак.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан