57 жаштагы жаран “таксист менен жүргүнчүнү бычак менен сайды” деп шектелүүдө

57 жаштагы жаран “таксист менен жүргүнчүнү бычак менен сайды” деп шектелүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 19-октябрда Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой, 16-октябрь күнү Токмок шаардык ооруканасына бычактан жаракат алып 1986-жылы туулган Ж.Р. аттуу жаран (Тойота Эстима үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу) жана 1983-жылы туулган У.С. аттуу жаран түшкөн (жүргүнчү).

Тергөөдө жеңил унаанын айдоочусу Нарын облусуна бара жатып Бишкектеги автобекеттин биринен эки жүргүнчүнү сала кеткени аныкталган. Алардын бири 50-55 жаштардагы жүргүнчү мас абалында болгон. Саат 19:00 чамаларында мас абалдагы жүргүнчү Токмок шаарына жакын жерден унаа ээси менен дагы бир жүргүнчүгө бычак сайып, андан кийин качып кеткен (биринин моюнуна, биринин төшүнө сайган). 

Бул кылмышка шектүү катары Бишкек-Торугарт унаа жолунун 58-чакырымында Нарын облусундагы Кочкор айылынын 1958-жылы туулган М.Б. аттуу тургуну кармалды. Шектүүгө карата кылмыш иши козголуп, ал убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Иликтөө иштери уланууда. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Alibi
2015-10-19 11:15:13
ит экен
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан