Ысык-Атада 26 жаштагы кызды зордуктоого аракет кылган жаран кармалды
Ысык-Ата районунда 26 жаштагы кызды зордуктоого аракет кылган 35 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИББинен 19-октябрда билдиришти. Маалым болгондой, Ысык-Ата РИИБине 1989-жылы туулган И.М. аттуу жаран кайрылып, 15-октябрь күнү саат 19:00 чамасында Кант шаарынын көчөлөрүнүн биринде жакын эмес таанышы зордуктоого аракет кылганын билдирген. Бул факт боюнча издөө иштери жүргүзүлүп, Чүй облусунун 1980-жылы туулган М.Р. аттуу тургуну Ысык-Ата РИИБинин кызматкерлери тарабынан колго түшкөн. Кармалган жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө иштери жүрүүдө.