Коррупциялык аракеттерге бөгөт коюу максатында жүргүзүлгөн текшерүүлөрдүн жүрүшүндө борбор калаадагы Свердлов району боюнча Салык башкармалыгынын башкы инспектору Х.У. тарабынан пара талап кылуу фактысы аныкталды. Бул тууралуу 19-октябрда УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, жогоруда көрсөтүлгөн кызматкер М.Л. аттуу жаранды "ири суммада салык салам" деп коркутуп 1200 доллар талап кылган. Тергөө амалдарынын жүрүшүндө 600 доллар пара алып жаткан жеринен аталган райондун башкы инспектору Х.У. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Факт боюнча "кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу", "пара талап кылуу" беренелери менен кылмыш иши козголуп, иликтөө иштери жүрүүдө.