23 жаштагы тургундун жанынан 2,5 килограмм кара куурай табылды

Бишкектин Свердлов РИИБинин кызматкерлери 23 жаштагы тургундун жанынан 2,5 килограмм кара куурай табышты. Бул тууралуу 19-октябрда Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой, 16-октябрь күнү саат 00:30 чамасында Свердлов РИИБинин кызматкерлери Бишкектин айланма жолунда Форд Мондео үлгүсүндөгү унааны документтерин текшерүү үчүн токтотуп, артында отурган 23 жаштагы жүргүнчүнүн күрмөсүнүн ичинен целлофанга оролгон 2,5 килограмм кара куурай табышкан. Иликтөөнүн жүрүшүндө кармалган жаран Чүй облусунун Сокулук районунун Т.Я. аттуу тургуну болуп чыкты. Кармалган адам убактылуу кармоочу жайга киргизилди. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Bekchoro
2015-10-19 13:47:08
Азаматсынар ЖКК кызматкерлери ишинерге ийгилик Аллах ар кандай балээлерден сактасын.
+5
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан