16-октябрда Жогорку Кеңештин депутатынын 1983-жылы туулган А.В. аттуу коомдук жардамчысы маңзат менен кармалды. Бул тууралуу бүгүн Баңгизатка каршы күрөшүү кызматынан билдиришти.
Депутаттын жардамчысы кармалган учурда анын жанынан 281 грамм гашиш табылган. Ошондой эле депутаттын кызматтык унаасын айдап жүргөн.
Ошол эле күнү жардамчыга гашиш жеткирген Ысык-Көл облусунун 1968-жылы туулган С.Т. аттуу тургуну колго түштү.