Бүгүнкү күндө айрым тургундар абактан качкан кылмышкерлерге көмөктөшүп жатышат. Мындан улам ички иштер министри М.Турганбаев өзгөчө кооптуу кылмышкерлерге жардам берген жарандар Кылмыш-жаза кодексинин "кылмышты жашыруу", "кылмышка катышуу" беренелери менен жоопко тартылышарын айтты. Бул тууралуу 19-октябрда ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Эске салсак, 11-октябрдан 12-октябрга караган түнү Чүй облусунун Төмөнкү-Нооруз айылындагы №50-түзөтүү колониясынан 9 кылмышкер качып кетүүгө аракет жасаган. Жол-кайгуул кызматынын инспекторлору тарабынан 5 кылмышкер колго түшүрүлгөн, дагы 3 кылмышкер изделип жатат. Кылмышкерлер абактын кызматкерлерин муунтуп өлтүрүп чыгып кетишкен. Алардын колунан 3 кызматкер жан берсе, бири оор жаракат алган.
№50-абактан качкан кылмышкерлер тууралуу маалымат үчүн ИИМ 1 миллион сом сыйлык жарыялады.