Бүгүн, 16-октябрда Бишкектеги Дордой конушунда өлтүрүлгөн адам №50-түзөтүү колониясынан качып кеткен кылмышкерлердин бири Данияр Кадыралиев экени аныкталды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Жаза аткаруу кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, милиция кызматкерлери конуштагы үйлөрдүн биринде текшерүү жүргүзүп жатышканда, Кадыралиев бычак менен милиционерлерге кол салган. Ага ок чыгарылып, ал ошол жерден өлтүрүлдү. "Жаза аткаруу кызматынын кызматкерлери маркумдун сөөгүн карап, ал 1976-жылы туулган Нарын облусунун тургуну Данияр Кадыралиев экенин тастыкташты",- дешти мекемеден.
Айта кетсек, буга чейин өлтүрүлгөн кылмышкер Азамат Мусуралиев экени божомолдонгон.