Башкы прокуратура тарабынан Саламаттыкты сактоо министрлигинин алдындагы Улуттук госпиталда коррупцияга каршы күрөшүү боюнча мыйзамдын аткарылышы текшерүүгө алынды. Бул тууралуу өлкөдөгү башкы көзөмөлдөөчү органдын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, 2013-жылдын 6-февралында Улуттук госпиталдын жооптуу кызматкерлери «Тороцеф», «Цеф 3», «Цефтрокс - Цефазон» аталышындагы дары-дармектерди өз баасынан жогорулатылган суммада сатып алышкан.
Бул үчүн 49 800 981 сом каражат бөлүнгөн. Натыйжада мамлекетке 5 606 000 сом зыян келтирилген. Факт боюнча кылмыш иши козголуп, иликтөө жүрүүдө.