Бүгүн эртең менен Чүй облусунда жол кырсыгынан 2 адам каза болду

Алдын ала алынган маалыматтар боюнча, бүгүн, 20-октябрда 06:10 чамасында Кант шаарында Спринтер унаасы менен (айдоочусу 1986-жылы туулган Канат Абдулдаев) Фольксваген Жетта унаалары (айдоочусу 1994-жылы туулган Абдували уулу Мурзаид) кагылышкан. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди. 

Куткаруучулар экинчи унаада кысылып каза болгон айдоочуну жана бир кызды алып чыгышып, Кант шаарынын ички иштер кызматкерлерине өткөрүп беришкен. Спринтердеги эки аял жана 9 айлык бала Кант шаардык ооруканасына жеткирилген, айдоочусу жабыр тарткан эмес. Учурда тиешелүү кызматтар тактоо-иликтөө иштерин жүргүзүп жатышат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
realliver
2015-10-20 09:19:36
Спринтерлер олуп-талып айдашат да.
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан