Эртең менен Жалал-Абадда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды

20-октябрда саат 08:15тер чамасында Жалал-Абад облусунда күчү 3-3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институтуна шилтеме берип ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, жер титирөөнүн очогу Көк-Бел айылынан түштүк-батышка карай 3 чакырым, Кара-Көл шаарынан түндүк-чыгышка карай 20 чакырым, Токтогул шаарынан түштүк-батышка карай 18 чакырым аралыкта орун алган. Алдын ала маалыматтар боюнча, кыйроолор жана жабыркагандар жок.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
kobra86
2015-10-20 09:37:42
Кудай сактасын жаман коп жер силкинуу болуп жатат
+1
princessa0712
2015-10-20 11:38:39
Оа акыркы учурда коп болуп атат.кудай сактасын жамандыктан
0
shailoo2015
2015-10-20 13:23:44
19.10.2015 кечинде Саат 22.00дө да болду аны билбей калышты бекен
0
MIRAN
2015-10-20 21:35:42
Тез тез болуп турганы жакшы,болбой болбой бир болгондо жаман.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан