Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаарынын мурдагы мэрине кылмыш иши козголду. Бул тууралуу бүгүн, 20-октябрда Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.
"2014-жылдын 29-январь күнү Таш-Көмүр шаарынын мурдагы мэри М.Б. алдамчылык жолу менен, өзүнүн кызматтык абалынан пайдаланып, Таш-Көмүр шаарынын сотуна караштуу кызматтык 3-бөлмөлүү батирди өзүнүн аялына каттатып койгон. Азыркы тапта кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүүдө",-деп айтылат маалыматта.