Бүгүн, 20-октябрь күнү башка бирөөнүн паспорту менен Москвага учууга аракет кылган жаран кармалды. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынын басма сөз кызматынан билдиришти. Маалым болгондой, 1984-жылы туулган М.Ж. аттуу жаран Ош аэропортунун өткөрмө пунктунан №992-каттамы боюнча Ош – Москва багыты менен жөнөмөк. “Паспорттук текшерүүгө келгенде ал башка бирөөнүн документи менен өтүп кетүүгө аракет кылганы белгилүү болду. Кармалган адам УКМКнын аймактык бөлүмүнө өткөрүлүп берилди”,- деп айтылат маалыматта.