Бүгүн, 20-октябрда эртең менен Бишкекте Олимпиадалык резервдин республикалык окуу жайынын окуучулары менен №38-мектептин окуучуларынын ортосунда мушташ чыкты. Учурда милиция кызматкерлери мушташтын себебин тактап жатышат. Ошол эле учурда Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен кабарлашкандай, учурда тиешелүү комиссия түзүлүп, спорт мектебинен мушташка канча баланын катышканы такталууда.
Маалым болгондой, агенттиктин директору Шейшенкул Бакиров да бул окуя боюнча жеринде териштирүүдө. “Бул окуянын жыйынтыгында спорттук окуу жайдын окуучуларына, жетекчилигине, машыктыруучуларына карата олуттуу чаралар көрүлөт. Жетекчилик буга чейинки окуядан сабак алып, мамилени калыпка алып келиши керек эле, бирок өткөн окуядан сабак алынбаганын бүгүнкү окуя дагы бир ирет далилдеди”,- дейт Ш.Бакиров.