Чүйдө 56 жаштагы аял жер тилкелери боюнча алдамчылыкка шектелип кармалды

Чүй облусунда 56 жаштагы аял жер тилкелери боюнча алдамчылыкка шектелип кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 20-октябрда Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти. 

Маалым болгондой, милицияга Н.С. жана И.А. аттуу жарандар кайрылышкан. Алар жакшы тааныш эмес аял 5 миң жана 2,5 миң долларын алып, "Сокулук районунун Новопавловка айылынан жер алып берем" деп, бирок акчаны кайтарбай, жер да алып берген эмес.

Факт боюнча кылмыш иши козголуп, шектүү катары Чүй облусунун А.Г. аттуу 1959-жылкы тургуну кармалды. Учурда аталган жаран эки алдамчылык фактысына шектелип жатат. Иликтөө иштери уланууда. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Umar080814
2015-10-20 13:24:40
э адамзат мынча бузулдук алдамчы уурулук,олтуруу,зордуктоо. Ыйманга чакырам баарынды..
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан