Качкын кылмышкер Азамат Мусуралиев Алтынбек Итибаев менен акыркы түнүн кантип өткөргөнү белгилүү болду (фото)

Бүгүн, 20-октябрда саат 09:00 чамасында качкын кылмышкер Азамат Мусуралиев өлтүрүлгөн аймакта "аны менен чогуу жүргөн" делген Алтынбек Итибаев изделүүдө. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Чүй ОИИББинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, тиешелүү түзүмдөр маркум Азамат Мусуралиев экенин аныкташты. Мусуралиевдин сөөгү өлүкканага жеткирилди.
"Ал өлтүрүлгөн талаада 2-3 турак жай бар, аларда дыйкандар жашашат. Жергиликтүү тургундардын айтымдарында, түн ичинде алардын турак жайына Мусуралиев менен Итибаев келишип, төшөк, нан сурашкан. Үй ээлери Мусуралиевге чай беришиптир, ал эми Итибаев үйгө кирген эмес экен. 
Тургундардын айтымдары боюнча, эки качкын кылмышкер эч ким жашабаган коңшу турак үйдө түнөшкөн. Түнү бою алар кайда барууну катуу талкуулашкан экен. Бири Казакстанга барууга ниеттенген. Алар кийимдерин алмаштырып, сакалдарын алышыптыр. Алардын жанында бычак болгон экен, бирок тургундарды коркутушпаптыр",- дешти облустук милициядан.
Айта кетсек, бүгүн Чүй облусунун Сокулук районундагы Арал айылы тараптан Азамат Мусуралиев өлтүрүлдү.
Качкын кылмышкерлердин бири Сокулукта өлтүрүлдү
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (30)
warsaw.
2015-10-20 17:02:23
чын эле бул жерде бир нерсе бар,эмнеге өлтүрүшөт куралы жок адамды тем более жалгыз,өлтүргүсү келсе сурака алып анан деле өлтүрүшсө жетишмек эле,Кыргызстан качан акыйкаттыкта жашайбыз күнөөлү болсо да,күнөөнү толук мойнуна коюп анан жазалабайбы,балким булар жөн жерден эле өлүп кетип аткандыр,башкалар өлтүрүшүп коюп
+5
bektursun2010
2015-10-20 17:03:46
бирооу эле калдыбы шондо
0
warsaw.
2015-10-20 17:24:42
bektursun2010, жок экөө калды
Алтынбек Итибаев менен,Адилет паланчаев бир көзү сокур ошол экөө калды.
0
Umnitsa
2015-10-20 17:13:06
куноосуз болсо эмнеге жашырынып качмак эле... буларды тируу кармаса, сурак кылгачейин дагы качып кетишет. милиция кызматкерлерида бир себеп бар анан атыштыда алардын башы иштейтго.
-2
begimai1989
2015-10-20 17:13:53
3 олду бироо калды да ээ ошондо
анысын деле олтурот экен да
чын эле бир сыр бар болуш керек.
0
Sandrana
2015-10-20 17:20:37
begimai1989,Эч кандай сыр деле болбошу мумкун,Мумкун башка абактагыларга сабак болсун деп ушинтип жатышкандыр!
0
Erka_kg
2015-10-20 17:49:21
Биздин ИИМде эмне жалан гана козу ачыктарбы? алардын туну менен олтуруп суйлошконун,Казакстанга качабыз деген ойлорун уккандар барбы? Ким далилдейт???
+4
sabyrov.s
2015-10-20 18:08:03
Буларды өлтүрбөй тутуп, ким жардам бергенин суракка алып, айттырыш керек. Кантип качканын билүү кажет.
+2
Kattaldym
2015-10-20 20:32:23
Эмнеге олтурушот, эмнеге олтурушот. Адамдар кызык элебиз, олтурбосо да айтмаксынар, торт турмонун кызматкерин олтургон немелерди сурагы жок эле атып салышпайбы деп. Мен лично "за". Итке ит олум.
0
Kattaldym
2015-10-20 20:38:47
Эн туру суук экоо калды, ошол экоону да ушулардай кылып ит аткандай атып олтурушсо ыраазы элем. Суракка алганда эмне, эчак суракка алынып, кесилген немелер, буларды олтуруп ордуларына гсин дин кызматкерлерин камаш керек, качканга мумкунчулук тузуп берген
-3
narbek
2015-10-20 21:17:05
Жок дегенде бутка атыб тируу кармаса болмок .тируу кармалбасын дегенго кимдир биролор.
+4
Atabaev.kg.su
2015-10-20 21:48:33
Бир сыр бар буларга жардам бербесе булар качпайт болду
+2
powar
2015-10-20 21:55:45
Балким аларды тируу кармап,жалган эле олду кылып атышат,жаткызып кызыл краска шыбап тартып фотого.болушу мумкун.
0
Patriot...kg
2015-10-20 23:30:39
Кап бечара. Боорум ачып кетти
+4
Kattaldym
2015-10-21 02:57:58
Ооба, тируу кармашсын, соттошсун, кайра чыксын, кайра бироону зордуктап же олтурсун, кайра соттолсун, кайра чыгып жардыруу уюштуруп далай адамдын омурун кыйышсын, кайра соттолуп мамлекеттин эсебинен жашашсын...
0
dawa
2015-10-21 13:18:15
Мейли буларды олтурсун дейли,абактагы шериктеринен сурак алат десек Алар деле булар менен тенме тен болуп жатышпайбы,сыртта экоо олду абакта да экоо олду го
+1
ZANIA-92
2015-10-21 23:50:06
Бул жерде бир сыр бар. Ал сырды билгендерда бар бирок аны ачыкка чыгаргандан коркуп жатат болуш керек балким уйбулосунун амандыгы учун.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан