Качкын кылмышкерлер Сокулук районунда жүрүшкөнү тууралуу маалымат бергени үчүн миллион сом сыйлыкты кимге тапшырарын Ички иштер министрлигинин атайын комиссиясы чечет. Бул тууралуу
SUPER.KG порталына министрликтин басма сөз катчысы
Бакыт Сейитов билдирди.
Анын айтымында, милицияга Азамат Мусуралиев жана "аны менен чогуу жүргөн" делген Алтынбек Итибаев аталган райондун аймагында жүргөнү боюнча бир нече маалымат түшкөн. "Атайын комиссия тергөө жүргүзүп, сыйлыкты жашыруун түрдө тапшырат",- деди Сейитов.