Бүгүн, 20-октябрда Жукеев-Пудовкин көчөсүндө Honda Civic үлгүсүндөгү унааны башкарып бара жатып (мамлекеттик номуру B4256AT)
мектеп окуучусун сүзүп кеткен айдоочу кармалды. Бул тууралуу
SUPER.KG порталына Жол-кайгуул кызматынын басма сөз катчысы
Тилек Оторов билдирди.
Анын айтымында, окуя болжол менен 16:50дө катталган. Унаа Жукеев-Пудовкин көчөсү менен түндүк тарапка баратканда 1-үйдүн тушунан секелек кызды сүзүп кеткен. 11 жаштагы Перизат алган оор жаракатынан улам окуя болгон жерден көз жумду. Ал эми айдоочу качып кетүүгө аракет кылган, бирок унаа алыс узабай жол боюндагы тосмого урунган.
"Айдоочуну тиешелүү кызматкерлер колго түшүрүп, тиешелүү материалдарды чогултушту. Бардык чогултулган материалдар тергөөгө өткөрүлүп берилди",- деп белгиледи Т.Оторов.