Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунда табылган жардыруучу зат зыянсыздандырылды

12-октябрда Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 307-чакырымында жол куруп жаткан “Копри-Синогидро” Кытай компаниясынын кызматкерлери тарабынан белгисиз көлөмдөгү жардыруучу зат (аммонит) табылгандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.

Коопсуздук эрежелерин сактоо максатында жарылуучу зат орнотулган аймакка атайын белгилер коюлуп, жол куруу кызматкерлерине тиешелүү түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн. Райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан күзөт уюштурулган.

Кечээ, 20-октябрда аталган жарылуучу затты зыянсыздандыруу үчүн КРнын Коргоо министрлигинин Кой-Таш айылында жайгашкан аскер бөлүгүнөн атайын адистер барышып, саат 16:35те жарылуучу затты зыянсыздандырышкан. Жардыруудан унаа жолуна түшкөн 30 метр куб таш жол куруп жаткан “Копри-Синогидро” компаниясынын кызматкерлери тарабынан тазаланды. Саат 17:00дө унаа жолу толугу менен ачылды. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан