Түрмөдөн качкан Итибаев менен Абдрахманов түнү бою изделип, азырынча кармала элек

№50-түзөтүү колониясынан качып, учурда боштондукта жүргөн Алтынбек Итибаев менен Эдил Абдрахманов түнү бою изделишти. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Жаза аткаруу кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой, аталган кылмышкерлердин кайда жүргөнү боюнча тургундар тарабынан көп маалыматтар түшүп жатат. "Мындан тышкары күч түзүмдөрүнүн ыкчам маалыматтарына ылайык, аймактарда тинтүүлөр жүргүзүлүүдө. Азырынча Итибаев менен Абдрахманов кармала элек",- дешти мекемеден.
Эскерте кетсек, 11-октябрдан 12-октябрга караган түнү Чүй облусунун Төмөнкү-Нооруз айылындагы №50-түзөтүү колониясынан 9 кылмышкер абактын кызматкерлерин муунтуп өлтүрүп качып кетишкен. Алардын бешөөсү ошол эле түнү МАИ тарабынан колго түшүрүлгөн.
16-октябрда качкын кылмышкерлердин бири Данияр Кадыралиев түшкө маал Дордой конушунда өлтүрүлгөн. Ал эми кечээ, 20-октябрда кылмышкерлердин экинчиси Азамат Мусуралиев Сокулук районунун Арал айылы тарапта жок кылынган. Мындан тышкары аталган абактан качып баратканда кармалгандар: Таалайбек Жуманов жана Бакыт Кенжегулов акыркы эки күндүн ичинде түрмөдө каза болушту.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (40)
Gema
2015-10-21 11:47:58
мен ошо качып кетишкен куну эле бир сыр жаткандай деп ойлогом
+2
DIAFRER
2015-10-21 11:50:28
жалгыз адамды тируу кармай алышпайт? Турмодо 2 кундун ичинде удаа олгон кылмышкерлерчи? Башкаларын деле жок кылып коюшат деди эле кечинде эле. Кимге ишеништи да билбейсин(.
+1
Gema
2015-10-21 11:50:41
Журокту оорутушуп сууута каЯкта жашынып журушот болду экен((омур менен жашоонун учунда жарга такалгандай..
+2
AiBoru
2015-10-21 11:51:33
Эмнеге качышты болду экен. Ал жактан катуу кысым болдубу же бир иш планы бар бекен? Качып чыкканда турмодон да жаман жашоо болорун айдан ачык билип туруп кантип ушуга дити барды экен. тан калычтуу
+2
Chynyshka
2015-10-21 11:53:21
корейский сериал пиноккио да бийлик кылган нерсени жашыруу учун элди башка жанылыкка конул болдурушу чагылдырылат. азыр элдин бары ушул жанылыкты эле окуп шайлоо- жайлоону ойлобой деле калды. шайлоо менен эч кимдин да иши жок.
+3
Sizge.kat
2015-10-21 12:00:00
оз кызыкчылыктары учун олтурулгончо качып кетишсин эптеп бел ашып болок мамлекетке отуп коргой турган бироолорго жетип алышынарды тилек кылам
+2
aikol87
2015-10-21 12:05:11
Башында атып олтуруп таштасын дейт элем Эми бул оюмдан кайттым.Бул жерде чоон сыр бар.Кантип ошончосу тируу кармай албайт.Тим более кармалгандарды суракка албайбы кантип качып кантип кузотчулорду олтургонун.Бир жагынан ойлойсун чындап куноолору барбы деп.Болбосо туугандары чыкмак которулуп.Зикирбаев ди да качырып туруп артынан атып койушту го,булда ошого окшогон оюн.
0
Kyrgyz_shaa
2015-10-21 12:11:46
Кабарласа атып олтурушун билип туруп кабарлагандарга тан каламын. Акча учун баарына даярбыз э(
+2
nur_92
2015-10-21 12:33:20
Олтуруш керек тирик кармап эмне кылашат сурайм десе 5 кармалдыго ошолордон сурай беришет ошогода башынар жетбедиби тирик кармаш керек эле дейсинер колунардан бок келбей эле
-5
Minhi
2015-10-21 12:52:10
Коркунучтуу адамдар экен ужас кинодогу актерлорго окшошот
0
karakyrgyz
2015-10-21 12:56:11
Аларды кармап камап койсо дагы адам олтуруп качышат
+1
masha89
2015-10-21 13:16:33
бул жашоого эмне максат м.н келип эмнеге жашап жатканыбызды тушунбосок адашып ар нерсе кылып коп катачылыктарды кетирет экенбизда, ошон учун ар бирибиз туура ой жугуртуп туура жашайлы. Аа козу откон биртуугандарыбыздын куноолорун Кудай озу кечирсин.
-1
maksnarin
2015-10-21 14:03:35
Жок кылуу гана керек,мына иним бир жумадан бери уй бетин коро элек,тапмайынча уйго барбайсынар дептир,силер боор ооруган бандиттердин омурун жок дегенде окуп кордунорбу-(((сенин,менин омурубуз оюнчук булар учун-(((мамлекет туура кылып атат,шоу кылса да,канчалаган фанаттар оюнан кайтып туура агымга кайрылат,сакалды да чени менен коюп башташат,
-4
maksnarin
2015-10-21 14:07:34
Озум мусульман болуп туруп,алар айткандай халифатта жашагандан кудай сактасын деп тилек кылам,и умут да кылам жакын арада депутаттар мыйзам кабыл алып,соц.тармактарды да текшерип баштаар деп....
0
Drongo
2015-10-21 21:25:04
Биринчи суроттогу Алтынбек Итибаевдин коздору.Орусча айтканда(у него чистые,добрые глаза,)Коз аркылуу адамдын жан дуйносун,ички оюн,жаман жакшысын баарын билсе болот.Адам канчалык айлакер болсо да,жан дуйнондогу жашырган нерсенин баарын коз айтып турат.А у него глаза чистые и добрые.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан