Чүй облусунун Карагул айылынын тургуну милицияга арыз менен кайрылып, апрель айында Шамшы капчыгайында 2 адам анын 4 жылкысын, 13 майда жандыгын тартып алганын айткан. Жабырлануучу айым жалпысынан 300 миң сом чыгым келтирилгенин билдирген. Бул тууралуу ИИМден кабарлашты.
Маалыматка ылайык, бул факт Чүй райондук ички иштер бөлүмүндө каттоого алынып, "карактоо" беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Иликтөө иштеринин жүрүшүндө кылмышка шектелип 1969-жылы туулган С.Т. жана 1993-жылы туулган Р.А. кармалган. Алардын мурун сот жообуна тартылганы жана уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары каттоодо турганы аныкталды.
Кармалгандар убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Иликтөө иштери жүрүп жатат.