"№50-абактан качкандарды өлтүрүү - бийликтен берилген "заказ",- деди өлтүрүлгөн Данияр Кадыралиевдин адвокаты Жаманкул Жунусов маалымат жыйынында.
"Атайын багыттагы жоокерлер түрмөдөн качкандарды өлтүрбөй эле кармаганга мүмкүнчүлүгү бар болгон. Бийликтегилер качкындарды жок кылууга кызыкдар. Алар куралчан жоокерлерден киллерлерди жасап жатышат. Мисалы, Кадыралиев колун көтөргөндө, ага 8 ок чыгарылган. Кийин сүрөт жана видео үчүн жанына бычакты коюп коюшкан",- дейт адвокат.
"Бул маселени чечүү үчүн көз карандысыз комиссия түзүү керек. Анын курамына бийликтин өкүлдөрү, курман болгондордун туугандары, медициналык адистер кириши зарыл",- деп сунуштады Жунусов.
Укук коргоочу Токтайым Үмөталиева түрмөдөн качкандардын өлүмүнө парламенттин жаңы чакырылышына келчү 3-4 депутат кызыкдар экенин баса белгиледи.