Бүгүн, 21-октябрда Ош мамлекеттик университетинде окуган чет өлкөлүк студенттердин ортосунда массалык мушташ чыкканын
SUPER.KG'ге күбөлөр билдиришти. Ал эми Ош ШИИБинин басма сөз кызматынын өкүлү
Замир Сыдыков мушташуу болбогонун айтып,
жөн гана Индиядан келген студенттер өз ара араздаша кетишкенин кабарлады. Сыдыков араздашуу жогорку курстун студенттери менен биринчи курстун студенттеринин ортосунда болгонун белгиледи.
"Азырынча так маалымат жок, териштирүү аракеттери көрүлүп жатат",- деди ал.