Сокулукта денесине 30 жолу бычак сайылып каза болгон 46 жаштагы адамдын сөөгү табылып, кылмышка шектүү катары 31 жаштагы жаран кармалды

Сокулук районунун Күн-Туу айылындагы «Строительная» дачасынан 46 жаштагы эркек кишинин жансыз денеси табылды. Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынан 22-октябрда билдиришкендей, кечээ саат 07:00 чамасында Сокулук РИИБине Күн-Туу айылынан адам өлүмү боюнча маалымат түшкөн. Ыкчам топ аталган айылдагы "Строительная" дачасына барып, ал жердеги үйлөрдүн биринен Ысык-Көл облусунун 1969-жылы туулган А.А. аттуу тургунунун жансыз денесин табышкан. Каза болгон жарандын денесине 30 жолу бычак сайылганы аныкталып, окуя болгон жерден далилдүү буюмдар алынды.
Бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, издөө иштеринин натыйжасында Сокулук РИИБинин кызматкерлери кылмышка шектүү катары Чүй облусунун 31 жаштагы М.У. аттуу тургунун колго түшүрүштү. Учурда тергөө жүрүп жатат.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
urmat-87
2015-10-22 10:23:31
Урматтуу Жамалидин Парманкулов А.А М.У, деп атын жашыргандан кийин баш тамгаларды жазгандын кажиети жокко дейм. же аттарын толук жазып койгула
+8
Azura
2015-10-22 10:27:38
urmat-87,тергоо кызыкчылыгында атты толук атаганга болбойт,соту болуп куноолу деп табылгандан кийин айтканга болот
+4
urmat-87
2015-10-22 11:57:10
Azura,анда А.А М.У дебей эле жон эле 30-31 жаштагы жараан кармалды аты-жону такталып атат деп койсо болотго
-1
prenses
2015-10-22 10:30:12
urmat-87, tuura aitasin . toluk jazilsa ati jonu tuulgan jili,kaerden ekeni bilip alsak elge da jardami tiyeer.
0
Aviator
2015-10-22 12:06:56
urmat-87, биз эмне поле чудес ойноп атабызбы десен.
0
powar
2015-10-22 11:07:57
Тез эле таап алгандарына тан каласын,же мойнуна алдырдыбы башка кылмышкерди.Кечээ эле Ыссык колдо болгондой?
+6
karona
2015-10-22 12:00:53
powar, ооба да.
+2
Elime
2015-10-22 14:16:50
Сонку кабарды окуштан деле адам заарканып калды, дагы эмне болуп кетти экен деп.Элибизде тынчылык болсунчу, суук кабардан алыс эле бололу.
+2
karakchyyy
2015-10-22 17:33:12
Биздин милициялар кызматтык даражасын которуу учун деле жазабаган адамдын эле мойнуна алдырып коёт деп уккам. М;бир таанышымын акесине наша салып койуп мойнуна алдыртып койгон уруп согуп алдашып булардын колунан коб эле жакшылык келбейт
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан