№50-түзөтүү колониясынан качып баратканда кармалган Болот Курбанахунов жана Музаффар Уринов учурда тирүү. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Жаза аткаруу кызматынан кабарлашты.
Мекемеден билдиришкендей, бүгүнкү күндө Курбанахунов жана Уринов №50-абакта отурушат. Ал эми изделип жаткан Эдил Абдрахманов менен Алтынбек Итибаев кармала элек.
Эскерте кетсек, 11-октябрдан 12-октябрга караган түнү Чүй облусунун Төмөнкү-Нооруз айылындагы №50-түзөтүү колониясынан 9 кылмышкер абактын кызматкерлерин муунтуп өлтүрүп качып кетишкен. Булардын ичинен 5 кылмышкер ошол эле түнү МАИ тарабынан колго түшүрүлгөн.
16-октябрда качкын кылмышкерлердин бири Данияр Кадыралиев түшкө маал Дордой конушунда өлтүрүлгөн. Ал эми 20-октябрда кылмышкерлердин экинчиси Азамат Мусуралиев Сокулук районунун Арал айылы тараптан жок кылынган. Мындан тышкары аталган абактан качып баратканда кармалгандар: Таалайбек Жуманов, Бакыт Кенжегулов жана Муратбек Жумалиев бир сутка ичинде түрмөдө каза болушкан.