Баткенде эки жеке ишкана 1637,7 тонна көмүрдү мыйзамсыз казып алганы аныкталды

УКМКнын Коррупцияга каршы кызматынын Баткен облусу боюнча бөлүмү ыкчам издөө иштерин жүргүзүп, Баткен районунда жеке ишканалардын 1637,7 тонна көмүрдү мыйзамсыз казып алган фактысын таап чыкты. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан 22-октябрда кабарлашты. 

Эки жеке ишкана тиешелүү уруксат берүүчү документтери жок, Баткен районунун Самаркандек айыл аймагындагы Гарм деген жерде көмүрдү казып алуу иштерин жүргүзүшкөнү аныкталган.

Экология жана техникалык коопсуздук инспекциясынын аймактык башкармалыгынын корутундусуна ылайык, жалпысынан 1637,7 тонна көмүр мыйзамсыз казылып алынган. Ушул себептүү жеке ишканалар мамлекетке 4 миллион 94,2 миң сом зыян келтиришкен. Аларга карата “мыйзамсыз ишкердик кылуу” беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө иштери жүрүп жатат.

Ал эми ишканалар көмүр казып алуу иштерин жүргүзүүдө техникалык коопсуздук эрежелерин сакташкан эмес. Ошол себептүү жумушчулардын денесине оор залал келтирүү жагдайлары пайда болгон. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
bektursun2010
2015-10-22 17:52:28
канча пайда корду екен
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан