Ош облусунун Өзгөн районунда эки жаран маңзат менен кармалды. ИИМдин маалымат кызматынан билдиришкендей, 21-октябрь күнү саат 22:55 чамасында Өзгөн районунун Шералы айылынын 41 жаштагы тургуну милиция тарабынан кармалып, андан 73,32 грамм
марихуана маңзаты табылды. Ошондой эле Ош ОИИБинин кызматкерлери ыкчам издөө иштерин жүргүзүшүп, аталган райондун дагы бир айылынын 45 жаштагы тургунун 200 грамм марихуана маңзаты менен кармашты. Бул фактылар боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүүдө.