Түрмөдө каза болгон Муратбек Жумалиевдин баласы: "Алмазбек Атамбаевич, атамдын сөөгүн бергилечи!"

"Түрмөдө каза болгон Муратбек Жумалиев күнөөсүз камалган",- деди бүгүн, 22-октябрда маалымат жыйынында аталган жарандын бир тууганы Урмат Жумалиев.

Анын айтымында, Муратбек Жумалиев 2009-жылы Токмокто адам өлтүрүү боюнча айыпталып, камакка алынган. "Менин бир тууганым адам өлтүргөн эмес болчу. Ал таксист болуп иштечү, бирок кызыкдар адамдар Муратбекке күнөөнү тагып, абакка отургузушкан",- деди Урмат Жумалиев.

"Бизди жана адвокаттарыбызды сөөктү көрүүгө киргизбей жатышат. Мыйзамга таянып террорчулардын сөөктөрү жашыруун түрдө жерге берилет. Менин бир тууганым террорчу эмес болчу",- деди агасы.

Андан соң Муратбек Жумалиевдин уулу президентке кайрылып: "Алмазбек Атамбаевич, атам террорчу эмес, атамдын сөөгүн бергилечи!"- деп суранды.

"Баламдын ден соолугу мыкты болчу, ит сыяктуу өлтүрүп салышты"
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (46)
bolotbai3
2015-10-22 15:32:34
Урматтуу Алмазбек мырза,олгон адамды эми эмне кыласынар соогун бердиртип койгула да.Озунуз алла жолунда мусулманчылыкты жакшы кармайсыз.Эми кичинекей балдарын чыркыратбай соогун бердиртип коюнуз.Алла раазы болсун сизге Алмаз ава.
+2
MIRAN
2015-10-22 15:35:10
Террорчу эмесго берсин да.Ким куноолу болсо,ким ушунча балдарды,ата энени сыздатса Аллах жазасын берсин.Кайтар дунуйо деп коет,алардын да башына салсын.
0
samira8589
2015-10-22 15:43:55
Бул бечаралардын кээ бирлери жок жерден турмого тушуп, жок жерден олуп кетиштиби, чындыкты алла билет, бул ишти уюштургандар билет
+1
AFFANCULO
2015-10-22 15:45:00
ИИ байкуш баласынын ыйлаган сүрөтүн көрүп мен да ыйдап атам ,ортодо күүнөөсү жоктор элк кыйналып атышат(((
0
anyaza
2015-10-22 16:25:50
Кыргызымда жакшы соз бар"Жамандан жаан-Жакшыдан боон"жаман атадан жакшы бала да туулат деген.Атасы жаман болсо да балдарынын пешенесиде чон умуттор келечектер бардыр,жаш баланын оз мекенине болгон суйусун очуруп,келечегин ташбоор коргозбой атасынын соогун беруу керек баласы сурап жатса.Терористин баласы болсо да мамлекет(бийлик)угууга жана сыйлоого милдеттуу.
+2
bazar
2015-10-22 16:42:52
"11-октябрда саат экилерде (мама кандайсын, саламатсызбы? менин балдарым жакшыбы)телефон чалган" дейт. Демек ушундай коркунучтуу кылмышкерлер түрмөдө телефон пайдаланат экен да...
0
Eliza-2014
2015-10-22 17:12:12
Супер инфо ушул балдарынын суранычын президент Алмаз Шаршеновичке жеткизгиле, жамандан жакшы туулат деген кеп бар Кыргызда, атасы жаман болсода балдарын аясын, Кыргызбыз, мусулманбыз, соогун беришсе коксоолору сууп калат эле, энесин, балдарын аясын бийликтегилер.
0
admin_portal
2015-10-22 17:18:59
Eliza-2014, саламатсызбы!
Сунушуңузга рахмат, аракет кылабыз.
+1
Geroy
2015-10-22 18:51:00
Eliza-2014, Сиздин созунуз туура. Бирок, мамлекеттик абакта жарыбаган айлык учун куну-туну иштеп жаткан 4 кызматкердин деле балдары жок жерден ушул кылмышкерлердин айынан жетим калды. Бироодун баласын ыйлаткандын озунун баласы ыйлайт да.
+3
Afina
2015-10-22 18:18:05
аябай боорум ооруп кетти, жашып да алдым. Олгон адамды эмне кылышат соогун берип эле коюшса болмок сыздатпай жакындарын....((((
+2
OYSI
2015-10-22 19:44:05
Оо шордуум ай неге мынчалык заманыбыз таарып бара жатат, ушунчалык журогум ооруду коруп алып, эч кимдин башына тушпосун мындай нерселер.Эмне себептен ошондой террористтер,омур бою эркинен ажыратылган адамдар камалган турмодо соту боло элек соттун чечими чыга элек адамдар кошулуп калган.ал куну свет очкон эмес экен а камера деген нерсе жок бекен.Билбеймин биз жонокой адамдар бийликтин оюунун тушунбойбуз.Бирок куну туну ойлонуп мен жаман кыжалат болуп жатам озунчо эле...
0
88inara88
2015-10-22 19:58:51
Аллах эчкимдин башына салбасын.
+1
aikol87
2015-10-22 20:14:46
Соогун берсе кыйнап олтурулгону билинип калатта.ошого коргозбой атышатко.тушунуксуз качардан бир кун мурун неге буларды суротко тарткан.
+1
Sizge.kat
2015-10-22 20:47:01
Атамбаев дээги эмнен президент койгойлуу маселени чече албагандан кийин эненин коз жашы уктатпайт кана биздин кечееки тош каккан депутаттар мандат болуштуро албай убара болуп журушобу
0
powar
2015-10-22 21:10:44
Муратбек жон эле жардам берген экенго,ошого омур бою эркинен ажыратып...
0
kadam
2015-10-22 22:47:22
Жаш баланы бетине кармабай эле койсо.Мындай ишти чоңдор өздөрү чечиш керек баланы аралаштырбай. Албетте, ал канчалык жаман болсо дагы, бала үчүн өзгөчө орунда турган адам. Баарын көрүп турган,эми бул баланын келечеги эмне болот?Аны ойлогон киши жок.
0
jasgul
2015-10-23 10:47:56
кебетеси эле бир шумдук экен жылдызы жок. Балага албетте жалко, бирок калган кылмышкерлерге сабак болсун деп ушул кадамга барып жатышса керек да.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан