"№50-түзөтүү колониясынан качыруу - бул күч түзүмдөрүнүн атайын уюштурган операциясы",- деген пикирин бүгүн, 22-октябрда маалымат жыйынында аталган колонияда каза болгон Муратбек Жумалиевдин эжеси Зарина Алыбаева айтты.
"Абактан качуунун алдында мекемеде белгисиз себептерден улам электр энергиясы берилбей, видеобайкоочу камералар иштебей калыптыр. Мындан тышкары абактан качууга аракет жасагандарды алдын ала сүрөткө тартышыптыр. Мунун баары бир топ шектерди жаратат. Өлкөдөгү эң коркунучтуу делген адамдар отурган абакта кантип электр энергиясы берилбей калсын? Качуу учурунда кантип свет өчүп калсын? Муну сырттан кимдир бирөөлөр даярдаган",- дейт Алыбаева.
Эскерте кетсек, №50-абактан качып баратканда кармалгандардын үчүнчүсү Муратбек Жумалиев 21-октябрда №47-түзөтүү колониясынын борбордук ооруканасында каза болгону маалымдалган. Жаза аткаруу кызматы Жумалиев жүрөк-кан тамыр оорусунан, баш мээнин жаракатынан жана шишигинен улам каза тапканын билдирген.