Түрмөдөн качып чыккан
Эдил Абдрахманов кармалды. Бул тууралуу
SUPER.KG порталына күч түзүмдөрүнөн өздүк булагыбыз билдирди. Анын айтымында, Чүй облусундагы айылдардын биринде колго түшүрүлдү. Ал эми толук маалыматты жакын арада берерин убадалады.
Эскерте кетсек, 11-октябрдан 12-октябрга караган түнү Чүй облусунун Төмөнкү-Нооруз айылындагы №50-түзөтүү колониясынан 9 кылмышкер абактын кызматкерлерин муунтуп өлтүрүп качып кеткен. Булардын ичинен 5 кылмышкер ошол эле түнү МАИ тарабынан колго түшүрүлгөн.
16-октябрда качкын кылмышкерлердин бири Данияр Кадыралиев түшкө маал Дордой конушунда өлтүрүлгөн. Ал эми 20-октябрда кылмышкерлердин экинчиси Азамат Мусуралиев Сокулук районунун Арал айылы тараптан жок кылынган. Мындан тышкары аталган абактан качып баратканда кармалгандар: Таалайбек Жуманов, Бакыт Кенжегулов жана Муратбек Жумалиев бир сутка ичинде түрмөдө каза болушкан.