Бүгүн, 22-октябрда саат 12:54тө кыргыз-казак чек арасында күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институтуна шилтеме берип ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, жер титирөөнүн очогу Күнгөй Ала-Тоо кыркасында жайгашкан. Тактап айтканда, Орто-Өрүктү айылынан 15 чакырым түндүккө карай, Кутургу айылынан 20 чакырым түндүк-батышты карай жайгашкан. Калктуу аймактарда жер силкинүү сезилген эмес.