УКМК: Бишкекте укук коргоо органдарынын имаратында жардырууну пландаган террордук топтун мүчөсү кармалды

15-октябрда УКМКнын кызматкерлери тарабынан уюштурулган антитеррордук иш-чаранын жүрүшүндө террордук топтордун биринин активдүү мүчөсү колго түшүрүлгөн. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, кармалган жаран жакын арада укук коргоо органдарынын имаратында бир катар жардырууларды пландаган. Тинтүү маалында колго жасалган жарылуучу заттар, майдаланган күкүрттөр, боолор, кислота, уюлдук телефон жана башка каражаттар табылган.

Буга катар жардырууну пландаган имараттардын схемасы, жардырууну уюштуруу боюнча көрсөтмөлөр, диний адабияттар (дисктер жана китептер), элди жихадга чакырган кол жазмалар табылган. Тергөө иштеринин жүрүшүндө кармалган жаран террордук уюмга мүчө экенин жана имараттардын бирин жардыруу боюнча буйрук алганын моюнга алган. Ошондой эле анын шериги да кармалды. Учурда иликтөө иштери жүрүп жатат. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
bulak
2015-10-22 17:36:01
ОО кудай озун баарыбызга ыйман бере кор.
+1
sagyn91
2015-10-22 17:50:54
Эх тынчылык эле болсунчу.
Аларды жакшылап сураштырса дагы айтып беришет.
+1
EdikoKG
2015-10-22 17:54:29
Террорчулар ото эле кобойуп кетишкен го. Ар бир жаранды катуу козомолдоп текшеруу керек болуп калды. Мамлекеттин,элдердин коопсуздугу учун.
+1
miraiymka
2015-10-22 17:56:10
Балее болдуго бул да уйуштурулган иш!!!
+2
Gema
2015-10-22 18:21:54
эмнеге ошо 15-октябрь куну айтылбай бир жумадан кийин эми айтылып атат Эдиль Абдрахмановду кармаган куну?
+3
kursantbek
2015-10-22 21:19:38
Gema, бир жумада аныктап бутсо бир жумадан кийин айтатда
+1
orhidea
2015-10-22 23:29:07
kursantbek,Ооба, алар деле такталбаган маалыматты бере алышпайт да. Тактап, текшерип туруп анан айтышат да.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан