Бишкектеги Достук кичи районунда абактан качкандардын бири Алтынбек Итибаевди кармоо аракети жүрүүдө. Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы SUPER.KG`ге кылмышкер карматпай жатканын билдирди. "Учурда бир нече үй курчоого алынды. Итибаевди кармоого атайын даярдыктагы аскерлер тартылды",- дешти басма сөз кызматынан. Ал эми атышуу учурунда бир милиция кызматкери октон жаракат алганын четке кагышты.