Достук кичи районунда кылмышкерди кармоо операциясы уланууда. Милициядагы өздүк булактарыбыздын бири көздөн жаш агызуучу зат колдонулуп жатканын кабарлады. Учурда №8-үй курчоого алынды. Коопсуздук үчүн жергиликтүү тургундарды сыртка чыгарбай жатышат.