"Эгер мени милиция кызматкерлери коё беришкенде, иним Алтынбекти өзүм атыштырбай алып чыкмакмын",- деп SUPER.KG порталына өлтүрүлгөн Алтынбек Итибаевдин бир тууганы Медер Итибаев билдирди.
Анын айтымында, бүгүн Алтынбек Итибаевдин жана атайын багыттагы жоокерлердин ортосундагы атышуу учурунда ал шаардык милиция бөлүмүнө камалган болчу. "Эгер мени коё беришсе, бир тууганымды өзүм алып чыкмакмын. Булар ойлогон максаттарына жетишти. Балким, мен барганда, Алтынбекти атыштырбай тирүү алып чыгып бермекмин",- деди Медер Итибаев.
Айта кетсек, 22-октябрда Бишкектеги Достук кичи районунда түрмөдөн качып изделип жаткан Алтынбек Итибаев өлтүрүлдү.