21-октябрда терроризмге жана диний экстремизмге каршы багытталган ыкчам издөө иш-чараларын жүргүзүүдө Ош облусунда УКМКнын органдары тарабынан эл аралык террордук уюмдун эмиссары (бир саясий же мамлекеттик уюм тарабынан жашыруун тапшырма менен жиберилген адам) кармалды. УКМКнын маалымат кызматы кармалган жаран 1967-жылы туулган И.У. аттуу Кыргыз Республикасынын жараны экенин билдирди.
Ал жарандарды азгырып жана бандиттик түзүлмө тарапка катышуу үчүн чет өлкөгө жөнөткөн. Бул факт боюнча КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 375-беренесине (жалданмачылык) ылайык кылмыш иши козголду. Учурда ал камакка алынып, тергөө иштери жүрүп жатат.