Белгисиз бирөөлөр сабап кеткен SUPER.KG`нин кабарчысы милицияга арыз жазды

Бишкекте белгисиз бирөөлөр сабап кеткен SUPER.KG`нин кабарчысы Максат Орозумбетов Бишкектин Биринчи Май райондук ички иштер башкармалыгына арыз жазды. Эскерте кетсек, окуя кечээ түнү түрмөдөн качкан кылмышкер Алтынбек Итибаевди кармоо операциясы учурунда болгон. Достук кичи районунда окуяны чагылдырып жүргөн кабарчыбызды белгисиз балдар сабап, колунан окуяны тартып жүргөн видеокамерасын жулуп кетишкен. 
"Белгисиз балдар чачымдан кармап алышып ичке, көкүрөккө тепкилеп киришти. Башымды кучактап жатып калдым. Ошол учурда колумдан камераны жулуп качып кетишти. Мени сабап жатышканын ары жактан милиция кызматкерлери көрүштү, бирок жардамга келишкен жок. "Эй, жигиттер, койгула" дегенге араң жарашты",- дейт Максат. 
Кабарчыбыз камерасы менен ошол жердеги окуяларды тартып жаткан, анда окуянын жүрүшү тууралуу материалдар бар болчу. Анын сабалышына, балким, катардагы адамдардай кийинген тартип коргоо мекемелеринин кызматкерлеринин тиешеси болушу мүмкүн. Балким, камерага аларга компромат болчу кадрлар тартылып калышы ыктымал...
Түрмөдөн качкандарга байланыштуу милициянын элден жашырган эмнеси бар? "Террористтер" деп өлтүрүлүп жаткан кылмышкерлердин чын эле террорист экенине кепилдик барбы? Бычакчан кылмышкерди кармай албаган милицияга миллиондогон акча коротулуп жатканы туурабы? Кармалган кылмышкерлер ошол кармалган жерге өздөрү келишкенби же аларды ошол жерге алып келишип анан "постановка" кылышканбы? Суроо артынан суроо жаралып жаткан чак. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
Rifle
2015-10-23 09:54:19
ХХХ ХХХ ХХХ... Алар белгилүү эле адамдар. Үчүнчү күчтүн адамдары, окуяны баамдап жүргөндөр. Супер көп маалымат жазып койдуңар окшойт.

Эми чындык чыкса экен.
+1
Rifle
2015-10-23 10:00:24
сөз катуу тийдиби?
+1
maks94.kb
2015-10-23 10:14:28
ээ Макс сенда мендей болгонсунго алар биздин эле опер кызматкерлеринен менда сен сыяктуу ушулардын бирини атып жатканымда аталган кызматын кызматкерлери менин уюлдук апаратымды тартып алып баарын очуруп телимди озуно келтирипи койушту албетте алар жандарынан коркушата алардын деле жакын адамдары бар дегендей оздорун тааныткысы келбей ушул ишке бардыда
0
Yu-piter
2015-10-23 10:16:42
Карга карганын көзүн чокубайт.Жазганың менен жыйынтык жок.
+1
besh-sary
2015-10-23 10:31:31
Кызык ээ белкиз бироолор ур токмоко алып жатса милиция карап турт экен. Приказ кучтуу болгонго.
+1
Adel2015
2015-10-23 10:40:18
ана силерге,менин миллициям мени сактайт...
+1
Abdyrashit.Satylganov
2015-10-23 10:48:32
Элге эми түшүнүктүү болду. Бул га депутаттардын катышы бар..
+1
kammilla
2015-10-23 11:10:52
Былыктары чыгып калат деп коркушту ондонот.
+1
miraiymka
2015-10-23 13:32:16
Бул иште Ыргал Кадыралиева ж.а дагы ушу ондуу 3-4 депутат сымал же адам сымалдардын катышы жана приказы.
+1
almaz2880
2015-10-23 22:39:44
Кайсыл оперлер сабаганын билип аягына чейин чыккыла акча берсе же коркутууп уркутсо отуруп калбай результат кутобуз
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан