SUPER.KG порталынын кызматкери
Максат Орозумбетов видеокамерасы менен окуянын очогуна өтө жакын жологону үчүн анын аппараты алынган. Бул тууралуу 23-октябрга караган түнү саат 01:30 чамасында Орозумбетов милиция бөлүмүндө арыз жазып жатканда бир оперкызматкер келип айтып берди
(ред. оперкызматкердин аты Темир, фамилиясын айткан эмес). Оперкызматкер мындай маалыматты тергөөчүнүн көзүнчө айтып берген.
"Оперативдик кызматкерлер видеокамераны сындырып койбош үчүн биз ал жабдууну алып алганбыз. Жакында камераны кайтарып беребиз. Максат окуянын очогуна өтө жакын жологон болчу. Оперативдик кызматкерлер буга каршы чыгышкан",- деди милиция кызматкери.
Айта кетсек, кечээ, 22-октябрда Достук кичи районунда кылмышкер Алтынбек Итибаев менен атышууну чагылдырып жүргөн кабарчыбыз Максат Орозумбетовду белгисиз балдар сабап, колунан окуяны тартып жүргөн видеокамерасын жулуп кетишкен.
Кабарчыбыз камерасы менен ошол жердеги окуяларды тартып жаткан, анда окуянын жүрүшү тууралуу материалдар бар болчу. Анын сабалышына, балким, катардагы адамдардай кийинген тартип коргоо мекемелеринин кызматкерлеринин тиешеси болушу мүмкүн. Балким, камерага аларга компромат болчу кадрлар тартылып калышы ыктымал...
Түрмөдөн качкандарга байланыштуу милициянын элден жашырган эмнеси бар? "Террористтер" деп өлтүрүлүп жаткан кылмышкерлердин чын эле террорист экенине кепилдик барбы? Бычакчан кылмышкерди кармай албаган милицияга миллиондогон акча коротулуп жатканы туурабы? Кармалган кылмышкерлер ошол кармалган жерге өздөрү келишкенби же аларды ошол жерге алып келишип анан "постановка" кылышканбы? Суроо артынан суроо жаралып жаткан чак.