Баткен шаарында мал уурулукка шектелип эки жаран кармалды

Баткен шаарында мал уурулукка шектелип эки жаран кармалды. Бул тууралуу Баткен ОИИБинин басма сөз кызматы бүгүн, 23-октябрда билдирди. Маалым болгондой, Кылмыш иликтөө кызматы тарабынан мал уурулукка шектелип 41 жаштагы И.К. жана 42 жаштагы Ж.М. аттуу эки атуул кармалып, Кылмыш жана жаза кодексинин 165-беренесинин 2-бөлүгүнүн негизинде кылмыш иши козголду. Учурда алар убактылуу кармоочу жайга киргизилишти. Тергөө иштеринин натыйжасында бул эки шектүүнүн мындан башка дагы 8 мал уурулук фактысына тиешеси бар экендиги аныкталды.  
Айта кетсек, Баткен облусу боюнча 2015-жылдын 9 ай аралыгында 78 мал уурулук фактысы катталып, анын ичинен 49 кылмыштын бети ачылды.  
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан