Чүйдө 11 мектеп окуучусу газ менен ууланды

Чүй облусунун Панфилов районундагы орто мектептин 11 окуучусу газга ууланды. Бул тууралуу бүгүн, 23-октябрда ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 21-октябрда 9-класстын окуучусу кичинекей газ баллонун мектепке көтөрүп келген. "Сабак учурунда анын классташы кызыгып газ баллонун иштетип алган. Жыйынтыгында класстагы окуучулар эс-учун жоготушуп, ооруканага жеткирилишкен. Мектепке газ баллонун көтөрүп келген кыз иттерден коргонуу үчүн алганын жана үйдө кичинекей балдар болгондуктан аны калтырбаганын айтты",- деп жазылат маалыматта.
ИИМден кабарлашкандай, учурда иликтөө иштери жүргүзүлүүдө. Окуучулардан, алардын ата-энелеринен жана мугалимдерден түшүнүк каттар алынды. Мындай окуялардын алдын алуу иштерин Өспүрүмдөрдүн иштери боюнча инспекциясы өткөрүүдө.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
OYSI
2015-10-23 15:02:29
Эй тооба ушул эле жетпей атты эле окучууларга ден соолук жакшы болуп кетишсин тезирээк :)
+1
sezim2009
2015-10-23 18:28:13
кудай сактартыр
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан