Бишкектин прокуратурасы түрмөдөн качкан Алтынбек Итибаевди кармоо боюнча атайын операциянын жүрүшүндө эки жарандын өлүмү боюнча "адам өлтүрүү" беренесинин негизинде кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, мындан тышкары шаардык прокуратура операциянын учурунда милиция кызматкери Төлөбек Исмаиловду өлтүрүү боюнча "укук коргоо түзүмүнүн же аскер кызматкерин өлтүрүү" беренесинин негизинде дагы бир кылмыш ишин козгоду. Кылмыш иштерин иликтөө прокуратуранын жана Бишкек ШИИББинин мекемелер аралык тергөө тобуна тапшырылды.
Айта кетсек, кечээ, 22-октябрда №50-абактан качкан Алтынбек Итибаевди Достук кичи районундагы №8-Б көп батирлүү үч кабаттуу үйдө кармоо операциясынын жүрүшүндө ал курал колдонуп каршылык көрсөткөн. Ок атышуудан улам ИИМдин атайын багыттагы жоокери Төлөбек Исмаилов каза тапкан.
Операциянын жыйынтыгында Алтынбек Итибаев жок кылынган. Мындан тышкары коңшу батирде болгон эки жаран: 1936-жылы туулган Батыш Койчуманова жана 1959-жылы туулган Медет Какеев октон улам көз жумушкан.