№50-түзөтүү колониясынан качып, тирүү кармалган Эдил Абдрахмановго кечээ, 22-октябрда Чүй облустук ооруканасында операция жасалды. Бул тууралуу Жаза аткаруу кызматынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Абдрахмановду кармоодо анын сол бутун ок тешип өткөн. "Бүгүн, 23-октябрда Эдил Абдрахманов №47-түзөтүү колониясынын борбордук ооруканасына жаткырылды. Дарыгерлердин айтымдарында, анын абалы туруктуу. Кыйноолордун алдын алуу боюнча борбордун кызматкерлери Абдрахмановго келишип, кабар алышууда. Алар анын денесинен эч кандай ур-токмоктун издерин табышкан жок",- деп жазылат маалыматта.
Эскерте кетсек, 21-октябрда №50-абактан качууга аракет жасаган 9 кылмышкердин бири Муратбек Жумалиев №47-түзөтүү колониясынын борбордук ооруканасында каза тапкан.