Борбор калаада уурулукка шектелип Жалал-Абад облусунун үч тургуну кармалды. Бул тууралуу 23-октябрда ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, милицияга борбор калаанын жашоочусу А.Рустамбек кайрылган. Ал 19-октябрь күнү белгисиз адамдар унаасынын арткы айнегин сындырып, 3100 сом акча каражатын уурдап кетишкенин айткан. Факт боюнча кылмыш иши козголуп, иликтөө жүрүүдө.