"№50-СИЗОдон качып, ошол эле күнү кармалган Муратбек Жумалиев менен жолукканыбыздан кийинки күнү каза тапкан. Ал бир күндө өлө турган адамдай көрүнгөн эмес",- деди бүгүн, 24-октябрда маалымат жыйынында Кыйноолордун алдын алуу боюнча улуттук борбордун башчысынын милдетин аткаруучу Нурдин Сулайманов.
"Түрмөдөн качуу болгондон кийин, 14-октябрда бизге түрмөдө отургандардын туугандары кайрылышты. Алар "качуудан кийин түрмөдөгүлөргө карата психологиялык зомбулук жана күч колдонулуп жатат, биздин адвокаттарыбызды киргизбей жатышат" дешкен. Биз медициналык адистер менен биргелике №50-СИЗОго барганбыз. Ал жерде айрым кармалгандар менен сүйлөштүк. Алар ЖАМКтын кызматкерлери ур-токмокко алып жатышканын айтышты. Тиешелүү чараларды көрүш үчүн прокуратурага кат жөнөттүк", - деди Сулайманов.
"Кармалган Муратбек Жумалиев менен жолукканыбызда анын абалы канааттандырарлык эмес болчу, денесинде ур-токмоктун издери байкалган, бирок ал бир сутка ичинде өлө турган адамдай көрүнгөн эмес. Буга карабастан кийинки күнү ал каза болуп калган",- деп баса белгиледи Нурдин Сулайманов.