"Эгер өлкөбүздө өлүм жазасы киргизилсе, күнөөсүз адамдар өлтүрүлүшү мүмкүн",- деди бүгүн, 24-октябрда маалымат жыйынында укук коргоочу Назгүл Турдубекова.
Анын айтымында, өнүккөн мамлекеттерде да соттор ката чечимдерди чыгарган учурлар болуп турат. "Бүткүл дүйнө өлүм жазасынан баш тарткан. АКШда өлүм жазасы бар, бирок бул өлкө биздин мамлекет үчүн үлгү эмес. Биздин соттор коррупцияланган. Миллиондогон акчаларды уурдаган жарандар боштондукта жүрүшөт, ал эми күнөөсүз адамдар түрмөдө отурушат. Эгер өлүм жазасы киргизилсе, ушундай күнөөсүз адамдар өлүм жазасына тартылышы мүмкүн",- деди укук коргоочу.